COVID статистикасы: 63 адамдан вирус табылып, эки бейтап каза болду

Азыркы тапта ооруканада 394, ал эми амбулатордук шартта 389 бейтап дарыланып жатат. Анын ичинен 27 бейтаптын абалы өтө оор экени маалым болду.
Sputnik
БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Бир сутка ичинде 63 адамдан коронавирус аныкталып, 72 бейтап айыкты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Жуктургандар:
Балалуу болуу үчүн пандемиянын бүтүшүн күтүү зарылбы? Биологдун пикири
Азыркы тапта ооруканада 394 бейтап, ал эми амбулатордук шартта 389 киши дарыланып жатат. Анын ичинен 27 бейтаптын абалы өтө оор экени маалым болду.
Өткөн бир сутка ичинде эмдөөдөн 9 887 адам өттү, анын ичинен 5 006 биринчи дозаны, 4 881 адам экинчи компонентти алган. Эмделгендердин жалпы саны 1 132 623 болду (экинчи дозасын алгандар 912 483).