12 арстандын кабыланды жалгыздап кеткен видеосу

Токойдо дарактардын арасында ок эки арстан эркек кабыланды жалгыздап, талаган окуясы ошол жерде жүргөн туристтердин көңүлүн өзүнө бурган.
Sputnik
Жапайы жаратылыштагы сейрек кездешүүчү бул көрүнүштүн видеосу MALA MALA GAME RESERVE YouTube каналына жарыяланган.
Окуя Түштүк Африкадагы жаратылыш парктарынын биринде болгону айтылат.
Тап берип, кубалап: баласын арстандан коргогон жираф. Аянычтуу видео
Видеодон 12 арстандын чогулуп алып улам бирин чапчып, кайра эс алып кайрадан эрмектеп, ал эми алы кетип энтиккен кабыландын жерде жаткандыгын көрүүгө болот. Алар бир нече мезгилге чейин олжосун ары-бери тоголотуп, кээ бир учурда тиш салып турушкан. Анткен менен топтун ичинен бири да басып кеткен эмес. Кабылан алынын жетишинче айбат кылып, кээ бирде алдыңкы буту менен берки жырткычтардын тумшугун, көзү-башын чапчып алып жатканы кадрга түшүп калган.
Ал эми бир нече жолтандабаска түшкөн туристтер ар тараптан байкоо салып, видео, сүрөткө тартып жатканын көрүүгө болот.
Акыркы ирет арстандардын бири кабыланды тамактап, бир нече ирет кыймылсыз катып турган. Видео кабыландын жерде кыймылсыз жатканы, анын айланасында жалгыз арстандын ары-бери жүрүп, бир аздан соң анын да "кармаш талаасын" таштап баса бергени менен аяктаган.
Буга чейин кабыландын арстандын күчүгүнө аңчылык кылып, аны калың бадалдын ичинен сууруп чыгып, жеп салган учуру тараган.