Кыргызстандык футболчу Шукуров "Неманда" ноябрдагы мыкты оюнчу болду

Алимардон Шукуров 2020-жылдан бери беларустук клубдун намысынорг коп келет. Ага чейин футболчу түркиялык «Болуспорт» командасында ойногон.
Sputnik
БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Футбол боюнча Кыргызстандын улуттук командасынын оюнчусу Алимардон Шукуров Беларустун "Неман Гродно" клубунун ноябрь айындагы "Мыкты футболчусу" деп табылды. Бул тууралуу маалыматты аталган команда өзүнүн Instagram баракчасына чыгарды. 
Жеңүүчү добуш берүүнүн жыйынтыгы менен аныкталган.
“Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча“ Неман ”футболдук клубунун ноябрь айындагы эң мыкты оюнчусу, жарым коргоочу Алимардон Шукуров болду. Куттуктайбыз! » - деп команда постко билдирүү калтырган.
Шукуров өткөн айда гроднолук клубдун сабында төрт беттешке чыгып бир гол киргизип, бир голдук пас берген. Август айында мыкты гол киргизип, Азия футбол конфедерациясынын (АФК) чет өлкөлүк "Аптанын футболчусу" наамына талапкер болгон. Эске салсак, 22 жаштагы Алимардон Шукуров 2020-жылдан бери беларустук клубдун намысынорг коп келет. Ага чейин футболчу түркиялык "Болуспорт" командасында ойногон.