Мамлекеттин колдоосуна ишениңиздер! Жапаров майыптыгы бар жарандарга кайрылды

Мамлекет башчы майыптыгы бар адамдарды иш менен камсыз кылып гана тим болбостон, коомго керек экендигин сезүүсүнө да шарт түзөт.
Sputnik
БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 3-декабрда, Майыптардын эл аралык күнүнө карата кайрылуу жолдоду.
Мамлекет башчы ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын өзгөчө муктаждыктарына жана көйгөйлөрүнө бүгүн эле эмес, ар дайым көңүл буруу максатында иш-аракеттер көрүлүп жатканын айтты.
Аны менен катар Кыргызстан БУУнун Майыптардын укуктары жөнүндө конвенциясын ратификациялагандан бери андай жарандарга инфратүзүмдүн жеткиликтүүлүгүн, билимге, эмгекке жана иш менен камсыз болууга тең укуктуулугун жүзөгө ашыруу боюнча милдеттенмелерди алганын белгиледи.
"Элибиз эзелтеден кайрымдуу. Калк арасында майыптыгы бар адамдарга боорукер, мээримдүү мамиле жасап, аларга каралашкан инсандарыбыз көп. Ага жараша мамлекет менен коом ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендерди ар тараптан колдоо саясатын мындан ары да арттырат. Андай жарандардын жашоосун жакшыртуу жана укуктарын коргоого байланыштуу маселелер ар дайым аткаруу бийлигинин көңүл чордонунда болот", — деди Жапаров.
Кыргызстанда жардамга муктаж үй-бүлөлөрдүн тизмеси түзүлөт. Максаты
Президенттин айтымында, мамлекет майыптыгы бар адамдарды иш менен камсыз кылуу, жашоо-турмушуна каражат табуусуна гана өбөлгө түзбөстөн, коомго керек экендигин сезүүсүнө да шарт түзөт. Алар иштеген учурда башка кишилер менен баарлашып көңүлү сергийт, жоро-жолдош күтөт. Майыптыгы бар жарандарга жумуш орундары эле эмес, театр, музей жана башка эс алуу, оюн-зоок жайлары жеткиликтүү болууга тийиш.
Соңунда Жапаров эң негизгиси жакындары менен катар эле мамлекеттин да колдоосу бар экенине дайыма ишенүүгө чакырды.