"Түндүк электр" туумду жоюу боюнча акциясын эске салды. Шарты

Бул акцияга бардык категориядагы абоненттер катыша алат. Туумду жоюу процесси акция аяктагандан кийин, тагыраагы, 31-декабрдан соң жүргүзүлөт.
Sputnik
БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. "Түндүк электр" ААКтын маалымат кызматы жаңы жыл алдында туумду жоюу боюнча акция жарыяланганын эске салды.
Шарт боюнча керектөөчүлөр электр энергиясына болгон карызды төлөгөндөн кийин автоматтык түрдө туум жоюлат.
"Муну менен абонент акчасын үнөмдөп, андан тышкары, кара тизмеден чыгарылат жана ар кандай соттук териштирүүлөрдөн, ыңгайсыздыктардан кутулат", — деп жазылган маалыматта.
Бул акцияга бардык категориядагы абоненттер катыша алат. Туумду эсептен чыгаруу акция аяктагандан кийин, тагыраагы, 31-декабрдан соң жүргүзүлөт.
Туумду жоюунун эрежеси:
Радио
Мадалбеков: акылдуу эсептегичи жок абоненттерге атайын тетик орнотулат
Абоненттер электр энергиясына канча сом чыкканын, канча карызы бар экендиги тууралуу маалыматты "Түндүк электр" ААКнын www.se.kg сайтынан же күнү-түнү иштеген Call-борборунан (1209) алса болот.
"Түндүк электр" Бишкектеги, Чүйдөгү жана Таластагы абоненттерди тейлейт.