Радио

Самудинов: Тарых музейине аудиогид кызматын киргизүү пландалууда

Улуттук тарых музейинин илим агартуу бөлүмүнүн башчысы Өмүрбек Самудинов музейдин расмий сайты аркылуу уникалдуу экспонаттарды онлайн көрүү мүмкүнчүлүгү түзүлөрүн айтты.
Sputnik
Улуттук тарых музейине келген коноктор жакында аудиогид кызматы аркылуу да маалымат ала алышат. Мындай маалыматты Өмүрбек Самудинов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, музейде Кыргызстандын тарыхындагы белгилүү саясий окуяларга арналган көргөзмөлөр да байма-бай өтүп турат.
"Улуттук тарых музейинде жакында аудиогид кызматы кирет. Аны кенен маалымат алуу үчүн абдан ыңгайлуу болот. Музейдин вебсайтында жана социалдык тармактардагы баракчаларында уникалдуу экспонаттарга, саясий окуяларга арналган көргөзмөлөр да болуп турат. Белгилүү даталарда кайсы бир темаларды бир айдан алты айга чейин чагылдырабыз. Алсак, Үркүнгө арналган тематикалык көргөзмөдө жалпы көрүүчүлөргө тереңдетилген маалымат берилет. Маданият министрлиги да бизге көмөктөшүп турмакчы. Музейдеги экспонаттар тууралуу толук маалымат жеткирүү максатында диаграмма, макеттер жана инсталляциялар коюлат. Муну башка мамлекеттердеги музейлер да кеңири колдонуп келет", — деди Самудинов.
Ошондой эле адис музейде биринчи жолу Кыргызстандын жана кыргыздардын тарыхы байыркы таш доорунан бүгүнкү эгемендүүлүккө чейин толук чагылдырылганын кошумчалады.