Президент министрдин орун басарларын кыскартууну тапшырды. Буга эки орган кирбейт

Жарлыктын алкагында республикалык бюджеттин чыгашасын кыскартуу жана аны турмуш чындыгына дал келтирип ишке ашыруу милдети коюлган.
Sputnik
БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров "Республикалык бюджеттин чыгашасын оптималдаштыруу, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттик каражаттарды пайдалануусунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө" жарлыкка кол койгонун аны маалымат кызматы кабарлады.
Жарлыктын алкагында республикалык бюджеттин чыгашасын кыскартуу жана аны турмуш чындыгына дал келтирип ишке ашыруу максатында төмөнкү чечимдер кабыл алынары айтылган:
500 сомго эле азайдыбы? Жапаровдун жарлыгына чейин депутаттар канча маяна алчу
2022-жылдын 1-мартына чейин министрлердин орун басарларынын (Ички иштер министрлиги, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен тышкары), административдик ведомстволордун жетекчилеринин орун басарларынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларынын орун басарларынын штаттык кызмат орундарын зарыл минимумга чейин кыскартуу.