БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Балбан кыз Мээрим Жуманазарова "Гран-при Москва — АЛРОСА кубогу" мелдешиндеги атаандашы Ханум Велиева менен көз караштар таймашына чыкты. Спортчу кыздардын бири-биринин көзүнө тик караган видеосун КРдин Күрөш федерациясы өзүнүн Instagram баракчасына чыгарды.
Видеодо көрүнүп тургандай, балбан кыздар адегенде салмактарын аныкташып, таразага түштү.
Мелдеш 3-декабрда Москва шаарындагы "ВТБ Арена Парк" спорттук жайында өтөт. Спортчулар Бишкек убактысы боюнча 24:00дө таймашка чыгышат.
Буга чейин Россиянын Күрөш федерациясы Мээрим Жуманазарова менен Ханум Велиеваны беттештирүү сунушу менен Кыргызстандын күрөш уюмуна кайрылган. Машыктыруучулук штаб Мээрим менен кеңешип, бул сунушка макул болгон.
Эске салсак, октябрь айында Ослодо өткөн дүйнө чемпионатынын жарым финалында Жуманазарова Велиеваны уткан. Таймаш 3:3 эсебинде аяктаган, бирок акыркы аракетти жасап, упай алганы үчүн кыргызстандык балбан кызга артыкчылык берилген.
Калыстар беттеш эсебин таблодо туура эмес көрсөткөндүгү үчүн кармаштын жыйынтыгына карата айрым түшүнбөстүктөр пайда болгон. Мындан улам Россиянын машыктыруучу штабы кармашта реферилер ката кетирген деп эсептеп, калыстык кылган топтун үстүнөн даттанарын айтып чыккан. Ал мелдеште Мээрим чемпион болуп тарых жараткан.