Өткөн ишембиден тарта абал кайрадан курчуган. Аталган аймактагы жетишерлик бийик болгон аймактагы тоонун бети карарып, андан соң жердин астындагы лава асманга чачылып жаткан үрөй учурган кадрларды көрүүгө болот.
Жергиликтүү бийликтин билдиргенине караганда, асманга чачылгандан сырткары, туурасы итапкан жерди каптаган лава ылдый көздөй акырындык менен ага баштаган. Тоонун боорунан агып келе жаткан от алыстан караганда адамды эрксизден сестендирет. Жанар тоонун кезектеги жаңылануусу ал жердеги сейсмикалык активдүүлүктү арттырып, 3,5 магнитудалык 50гө жакын термелүү болгону кабарланды.
Жергиликтүү бийлик лава эгерде жаңы жаракадан чыгып, чектелген жерден өтүп баратканы байкалса, элдин көбүн эвакуациялоо зарылдыгын айтты.
Эль-Пасо муниципалитетине караган аймактагы Кумбре-Вьеха 2021-жылдын 19-сентябрында атыла баштаган. Буга чейин Испаниянын улуттук географиялык институту сейсмикалык активдүүлүктү байкаган. 21-сентябрда бир апта ичинде жер кеминде 25 миң ирет термелген. Жанар тоо атылгандан бир нече күн өтпөй жүздөгөн үйлөр лаванын илебине туруштук бере албай, жарактан чыкса, 5000ге чукул жашоочуну коопсуз жайга көчүрүүгө туура келген.
Мурдараак бул аралда 85 миңге чукул адам жашаары кабарланган.