Радио

Кенжематова: кышкы туризмдин потенциалы боюнча Кыргызстан Орто Азияда алдыда

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Туризм департаментинин директорунун орун басары Кыял Кенжематова кышкы туризм боюнча Кыргызстан Орто Азияда алдыда турарын айтты.
Sputnik
Кышкы туризмди туруктуу өнүктүрүү боюнча Швейцария өкмөтү менен бирге ири долбоор башталып жатат. Мындай маалыматты Кыял Кенжематова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, тоо лыжа базаларында түзүлгөн шарт, Кыргызстандын жаратылышы жылдан-жылга өлкөгө келген туристтердин санын көбөйтүүдө.
"Пандемияга байланыштуу өлкөдөгү туризмдин 80 пайызга жакыны жабыркады. Учурда абалды калыбына келтирүүгө бардык аракеттер көрүлүп жатат. Алсак, быйыл кышкы туристтик сезондун ачылышына көп эс алуучу катышты. Демек, Кыргызстандын жаратылышы дүйнө элинин көңүлүн буруп, жылдан-жылга туристтердин агымы көбөйүүдө дегенди билдирет. Биз кышкы туризм боюнча Орто Азияда алдыда турабыз. Чет элдик коноктор үчүн бардык шартты түзүп бергенге атайын пландар бар. Мисалы, Швейцария менен биргеликте кышкы туризмди туруктуу өнүктүрүү боюнча долбоор түзүп, алардын тажрыйбасын өлкөдө колдонууга мүмкүнчүлүк ачылды", — деди Кенжематова.
Ошондой эле адис өлкөнүн региондорунда тоо лыжа комплекстерин куруу боюнча да иштер жүрүп жаткандыгын кошумчалады.