Кыргызстандык парадзюдочулар Азия жана Океания ачык мелдешинде байге утушту

Мелдеш ушул күндөрү Казакстандын борбору Нур-Султан шаарында өтүп жатат. Балбандар башкы машыктыруучу Канат Имияновдун жетекчилиги алдында турнирге катышты.
Sputnik
БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Кыргызстандык спортчулар Хайитхон Хусан кызы жана Маматибраим Суранов парадзюдо боюнча Азия жана Океания ачык мелдешинде байгелүү орундарды ээлешти. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин маалымат кызматы билдирди.
Мелдеш ушул күндөрү Казакстандын борбору Нур-Султан шаарында өтүп жатат.
"Парадзюдо боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасынын мүчөлөрү Хайитхон Хусан кызы 52 килограмм салмак категориясында күмүш медаль тагынды. Ал эми эркектер арасында 66 килограмм салмакта Маматибраим Суранов коло байгенин ээси болду", — деп айтылат агенттиктин билдирүүсүндө.
Белгилей кетсек, спортчулар башкы машыктыруучу Канат Имияновдун жетекчилиги алдында турнирге катышты.