Кыргызстан 9 айда 3 миң тоннадай баалуу металлдын калдыгын сатты

Расмий маалыматтарга ылайык, быйылкы жылдын январь-сентябрь айларында өлкө алты мамлекетке металл экспорттогон.
Sputnik
БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Кыргызстан быйылкы жылдын январь айынан сентябрга чейинки убакта 2 899,1 тонна баалуу металлдын калдыгы менен сыныктарын саткан. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет билдирди.
Бардык сатылган темирдин баасы 8,4 миллион долларга бааланган.
Баалуу металлдар кайсы мамлекеттерге экспорттолгон:
Өткөн жылдын ушул мезгилинде дээрлик 9,4 миллион долларлык 3 168,9 тонна темир экспорттолгон.