БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Бүгүн, 3-декабрда, Кыргызстан менен Тажикстандын чек аралаш Баткен жана Согди облустарынын башчылары жолугушуу өткөрүүдө. Бул тууралуу президенттин дубандагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.
Өкүл Абдикарим Алимбаев кошуна өлкөнүн Согд облусунун башчысы Раджаббой Ахмадзода менен чек арада болгон соңку окуяларды талкуулап жатышат.
"Сүйлөшүүлөр Баткендин Лейлек районунун "Кулунду" чек ара постунда саат 11:00дө башталган. Ага эки тараптын тиешелүү жетекчилери жана облустук күч түзүмдөрүнүн башчылары катышты. Жолугушууда кыргыз-тажик чек арасында чыр-чатактарды алдын алуу, болтурбоо жана акыркы күндөрү болгон окуялар, аларды чечүү жолдору боюнча талкуу жүрүүдө", — деп айтылат билдирүүдө.
Сүйлөшүүнүн жыйынтыгы тууралуу айтыла элек.
Эске салсак, 30-ноябрда саат 13:00дөр чамасында тажик тарап Лейлек районундагы Майты аймагында жайгашкан Сүлүктү — Пролетарск темир жолун алып салуу үчүн иштерди баштаган. Муну менен катар Тажикстандын жарандары тактала элек аймакка кирип кеткен. Чек арачылар бул иштерди убагында токтотушкан.
Ал эми 1-декабрда Баткен районунун Көк-Таш айылынын Дахма аймагында чек ара сызыгына жакын жерде Тажикстан тарабынан белгисиз адамдар 7-8 жолу ок чыгарышкан.
Ошол эле күнү жоголгон уюн издеп барган Көк-Таш айылындагы пенсионер Ж.Айдаровду тажик чек арачылары кармап алып сабашкан.
Мындан улам 2-декабрдан тарта аталган аймактагы чек ара тилкесин биргелешип кайтаруу чечими кабыл алынган.