Кабыланды кууп жүрүп уулун аман алып калган аял. Индиядагы окуя

Аял колунда куралы жок болсо да кабылан менен алышып, аз жерден жем болуп кала жаздаганда кошуналары жырткычты коркутуп-үркүтүп качырышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Индияда аял уулун тиштеп кеткен кабыландын артынан бир чакырымдай кубалап барып аман алып калган. Бул тууралуу Jagran маалыматтык порталы жазды.
Окуя Мадхья-Прадеш штатындагы Бариджхариа айылында болгон. Киран Баига үч баласы менен үйүнүн жанында от жагып жатканда сегиз жаштагы уулун кабылан тиштеп кеткен. Жырткыч токойду көздөй бет алып, анын артынан аял чуркаган.
Бир чакырымдай чуркагандан кийин кабылан токтоп калган. Аял колунда куралы жок болсо да жырткыч менен алышып атып баласын куткарган. Кабылан кайра аялга кол салып, ал жан сакташ үчүн болгон аракетин көргөн. Бул убакта жардамга келген кошуналары жырткычты коркутуп-үркүтүп качырышкан.
"Биз жолборстордун коругуна жакын жерде жашайбыз, мындай учурлар күн сайын болуп турат. Аймакта кабылан, аюу көп, аман калуу үчүн алардан дайыма качып жүрөбүз. Биздин окуя жашоочуларды сестентти", — деген Байга.
Окуядан кийин аял менен бала ооруканага жаткырылган. Жабыркагандардын абалы канааттандырарлык.