Бишкектин кээ бир аймактарында бир нече күн газ жок болот

"Газпром Кыргызстан" компаниясы түзүлгөн ыңгайсыздык үчүн жарандардан кечирим сурайт жана абоненттерди альтернативдүү энергия булагын колдонуп турууга чакырат.
Sputnik
БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Бишкектин кээ бир аймактарында 6-10-декабрь аралыгында жаратылыш газын берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу "Газпром Кыргызстан" билдирди.
Маалыматка караганда, Курманалиев, 23 көчөсүндөгү жер алдында жайгашкан газ түтүгүн оңдоо иштери аткарылат. Ал 1971-жылы эксплуатацияга берилген.
Буга байланыштуу төмөнкү аймактарда газ жок болот:
Кар жаайбы? Дем алышка карата аба ырайы
Красный строитель аймагында, Керамический конушунда, Элебесова, 211 дарегинде жайгашкан кургак учукка каршы шаардык ооруканада;
Ала-Арча дарыясы, айланма жол, Курманалиев, Зеленый, Заводской, Киргизский жана Нурек көчөлөрү менен чектешкен аймактарда;
Коллективный, Аул, Новосельский жана Кичи Чүй каналы менен чектешкен аймакта.
"Газпром Кыргызстан" компаниясы түзүлгөн ыңгайсыздык үчүн жарандардан кечирим сурайт.