Жоламан күрөшкөндө титиреп турам... 84 жаштагы Хаким агайдын видеосу

Совет убагынан бери жүздөгөн баланы машыктырган Хаким Махмудов соңку он жылда Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан Жоламан Шаршенбековду таптап берди. Учурда 84 жашта экенине карабастан ишин улантып келет.
Sputnik
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги легендарлуу машыктыруучу жана анын окуучусу тууралуу видео тартты. 
Хаким Махмудов Таласта туулуп-өскөн. Бишкектеги дене тарбия институтун бүткөндөн кийин өзү эңсеген машыктыруучулук кесибин аркалай баштаган. Убагында СССРдин спорт чебери болуп, Кыргыз ССРинин Эмгек сиңирген машыктыруучу наамын алган
Хаким Махмудов Таласта туулуп-өскөн. Бишкектеги дене тарбия институтун бүткөндөн кийин өзү эңсеген машыктыруучулук кесибин аркалай баштаган. Убагында СССРдин спорт чебери болуп, Кыргыз ССРинин Эмгек сиңирген машыктыруучу наамын алган. 
Хаким Махмудов 60 жылдык машыктыруучулук ишинде көптөгөн спортчуну бийиктикке жеткирген
60 жылдык машыктыруучулук ишинде көптөгөн спортчуну бийиктикке жеткирген. Совет маалын эске албаганда учурдагы белгилүү окуучулары — дүйнө чемпионатынын эки жолку чемпиону Жоламан Шаршенбеков, Рио Олимпиадасынын катышуучулары Жанарбек Кенжеев менен Мурат Рамонов. Рамоновду беш жыл тарбиялап, курама командага өткөрүп берген. 
Учурда Хаким Махмудов Бишкектеги Раатбек Санатбаев атындагы олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебинде эмгектенет. Жоламан сыяктуу ондон ашуун баланын машыгуусун жеке өзү көзөмөлдөйт
Учурда Хаким Махмудов Бишкектеги Раатбек Санатбаев атындагы олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебинде эмгектенет. Жоламан сыяктуу ондон ашуун баланын машыгуусун жеке өзү көзөмөлдөйт. Азыркыга чейин күрөштүн көтөрүп чабуу сыяктуу ыкмаларын жасайт, кээде жөн гана айтып берип турат. 
Хаким Махмудов азыркыга чейин күрөштүн көтөрүп чабуу сыяктуу ыкмаларын жасайт, кээде жөн гана айтып берип турат 
Жоламан Шаршенбеков Хаким агайдын колуна 2009-жылы Касымбек жана Тынарбек аттуу агаларын ээрчип келген.
"Жаңы босогону аттаганда Хаким агайым турган экен. Менин колумду кармап, "оо, мындан чыкчудай экен" деп көңүлүмдү көтөргөнү эсимде. Көбү менин алгачкы жана жеке машыктыруучумду билбеши мүмкүн, ийгиликтеримдин аркасында дал ушул агайым турат", — деп алгачкы күндү жылуу эстеди спортчу.
"Күрөштөгү эң чоң артыкчылыгы — чыдамкайлык. Ким менен кармашса да чарчабай, аягына чейин кармашат", — дейт Хаким Махмудов окуучусу тууралуу.
Балбанды машыктыруучусунан жакшы түшүнүп-билген адам жок, шакиртинин спорттогу өзгөчөлүктөрүн гана эмес, кулк-мүнөзүн билет.
"Жоламанды мактанып кетпесин деп көп жакшы жактарын айтпайм. Биринчи орунда адамгерчиликтүү, угат, эмне десең ошого макул болот, баарын түшүнөт. Анан өзүнүн оюн айтат, айырмасы ушунда. Спортту жакшы көрөт, жан дили менен машыгат. Күрөштөгү эң чоң артыкчылыгы — чыдамкайлык. Ким менен кармашса да чарчабай, аягына чейин кармашат", — деди Хаким Махмудов.
Балбан 22 жашында чоңдор арасында дүйнөнүн эки жолку чемпиону аталып, дүйнө кубогун утуп, Токио Олимпиадасына катышкан. Жалпысынан 14 ири мелдеште алдыңкы орундарды алган
Машыктыруучу жаш курагына байланыштуу Жоламанды чет мамлекеттеги мелдештердин бардыгына коштоп бара албайт. Бирок беттештерин санааркап отуруп көрүп, тилек кылып турат.
"Жоламан күрөшүп жатканда мен титиреп турам, жүрөк кармап калбасын дейм. Машыктыруучулардын арасында окуучусу күрөшүп жатканда жүрөгү токтоп калып кайтыш болуп калгандар бар. Кудай деп үйдөн дуба кылып турам", — деди Хаким агай.
Машыктыруучу менен окуучусунун максаты — эми Олимпиада оюндарында медаль алуу
Машыктыруучу менен окуучусунун максаты — эми Олимпиада оюндарында медаль алуу. Хаким агай Жоламанды дагы он жыл күрөшсө дейт. Экөө азыр ири мелдештерге гана катышууну ойлоп жатышат. Балбан 22 жашында чоңдор арасында дүйнөнүн эки жолку чемпиону аталып, дүйнө кубогун утуп, Токио Олимпиадасына катышкан. Жалпысынан 14 ири мелдеште алдыңкы орундарды алган. 
Хаким Махмудов ден соолукта болуп, узак өмүр сүрүү үчүн ар дайым эмгек кылып, кыймылдап, жарык маанайда жүрүү керектигин айтты
 
Хаким Махмудов ден соолукта болуп, узак өмүр сүрүү үчүн ар дайым эмгек кылып, кыймылдап, жарык маанайда жүрүү керектигин айтты. Бүгүн, 2-декабрда, улуу устат 84 жашка чыкты.