Пил күркүрөп келип туристтер отурган автоунааны талкалап салды. Видео

Түштүк Африкадагы жаратылыш парктардын биринде жаалданган пил туристтерге кол салып, алар качып кутулган.
Sputnik
Стажёрлор менен алардын насаатчылары Түштүк Африкадагы Селати жаратылыш паркында аз жерден өмүрү менен кош айтышып кала жаздагандыгын USA Today жазган.
Видеодон пил күркүрөп, чапчып, кишилер отурган жолтандабасты аз жерден ала салдырып сала жаздаганын көрүүгө болот.
Башка автоунаадагылар тартып алган видеого автоунааны жөөлөп, андан соң тумшугу, башы менен бир аз көтөрүп келип кайырганда ичиндегилердин ичинен бирөө ыргып кеткени түшүп калган. Анын каарына калгандар эле эмес сырттан карап тургандарды күркүрөп, чаңыра үн салып жатканы чочутпай койбойт.
Башка видеодо инструктордун "качкыла" деген кооптонгон үнү чыгып, ичиндегилер коопсуз жайды көздөй качып чыккан. Бир нече убакыттан соң алп жаныбар талкалап жаткан автоунааны таштап, дарактарды көздөй кетип бара жатканына күбө болобуз.
Окуянын видеосу социалдык тармакка тез эле тарап кеткен.
Бул кырсыкка тиешеси бар EcoTraining компаниясы мындай абалдын эмне себептен келип чыккандыгын түшүндүрүп берген.
"Стажёрлор менен алардын насаатчылары күндөгүдөй эле паркты кыдырып жүрүп, пилдин балдары топ болуп турган жерге келишкен. Алар жаныбарларга байкоо салыш үчүн автоунааны токтотуп туруп калган. Муну пилдин чоңдору кооптуулук катары кабыл алып, капталдан чуркап чыга калып, кишилерге кол салган. Талкалаган автоунаадан чыккан адамдар башка жол тандабаска отурган", — деп түшүндүргөн компания өкүлү.
Буга чейин Замбияда жаалданган пилдин крокодилди тебелеп өлтүргөн учуру жарыяланган.