УКМК салыкчылар менен Транспорт министрлигинин кызматкерлерин кармады

ЕАЭБ өлкөлөрүнөн эл керектөөчү товарлардын "Ак-Тилек" салыктык каттоо пункту жана ушул эле аталыштагы транспорттук көзөмөл пункту аркылуу үзгүлтүксүз өтүшүн камсыз кылуу үчүн акча алган факты боюнча беш кызматкер шектелип, кармалган.
Sputnik
БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. УКМК коррупцияга аралашкан деген шек менен Мамлекеттик салык кызматы менен Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин кызматкерлерин акча менен кармады. Бул тууралуу аталган комитеттин маалымат кызматынан кабарлады.
УКМК Кылмыш-жаза кодексинин "коррупция" беренеси боюнча катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында жогорудагы кармоо иштерин жүргүзгөн.
ЕАЭБ өлкөлөрүнөн эл керектөөчү товарлардын "Ак-Тилек" салыктык каттоо пункту жана ушул эле аталыштагы транспорттук көзөмөл пункту аркылуу үзгүлтүксүз өтүшүн камсыз кылуу үчүн акча алган факты боюнча беш кызматкер шектелип, кармалган. Алардын бир катарларынан алдын ала белги коюлган акча табылган.
Маалымат кызматы төмөнкүлөрдү тизмектеп, кабарлады:
УКМК Бишкектин Биринчи май районунун салык кызматкерин кармады. Видео
Жогоруда аталган адамдардын катышуусунда комплекстүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатканы, анын жыйынтыгы боюнча булардын аракеттерине юридикалык баа берилип, Жазык-процесстик кодекстин нормаларына ылайык чечим чыгарылары айтылды.