Депутаттар Текебаевге кол салуу фактысын тактоо үчүн УКМК менен ИИМди чакырды

Никитенко эгер кырдаалды өзгөртпөсө эртең депутаттардан баштап жөнөкөй жарандарга чейин өзүн коопсуз сезбей каларын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге кол салуу боюнча маалымат алуу үчүн укук коргоо органдарын парламентке чакырды.
Мындай демилгени депутат Наталия Никитенко көтөрүп, көпчүлүк добуш менен күн тартибине киргизилди.
"Бул жөнөкөй бир окуя эмес, бирок аны телефон уурдоо фактысы катары көрсөтүүгө аракет кылып жатышат. Чаламандын чак түшүндө уюшкан балдар келип саясий партиянын лидерине кол салды, мунун шайлоо процесси маалына туш келгени кандай? Биз муну саясий басым катары кабылдайбыз. Эгер биз азыр күч түзүмдөрүнүн маалыматын угуп, кырдаалды өзгөртпөсөк, эртең сиздерден баштап жөнөкөй жарандарга чейин өзүн коопсуз сезбей калат", — деди Никитенко.
Текебаевге кол салуу: азырынча “Тоноо” беренеси менен кылмыш иши козголду
Натыйжада УКМКнын жана ИИМдин жетекчилиги парламентке чакырылмай болду.
Белгилей кетсек, 1-декабрь күнү борбор калаадагы мейманканалардын биринин алдында Өмүрбек Текебаевге белгисиз балдар кол салган. Президент Садыр Жапаров ишти тез арада териштирүү боюнча ИИМге тапшырма берген. ИИМ аталган факты боюнча Жазык кодексинин 201-беренесине ("Адамдардын тобу же алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан тоноо") ылайык кылмыш ишин козгоп, шектүү катары 23 жаштагы жаранды кармаган.