Салык кызматы ишкерлердин банктык эсебин көрө алат. Жаңы кодекстеги норма

Учурда Жогорку Кеңештин депутаттары өкмөт тарабынан сунушталган жаңы Салык кодексинин долбоорун экинчи окууда карап жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Салык кызматы ишкерлерди текшерүү учурунда алардын банктык эсебин ачып көрө алат. Бул тууралуу Салык кызматынын төрагасынын орун басары Бекболот Алиев парламентте билдирди.
Учурда жаңы Салык кодексинин долбоору экинчи окууда каралып жатат. Жыйында депутат Эркин Жолдошалиев салыкчыларга ишкерлердин банктык эсебин ачып көрүүгө уруксат берилген норма боюнча сурады.
"Башында ишкердик субъектини текшерүү учурунда гана министрлер кабинети тарабынан бекитилген жобого ылайык банктык маалыматты көрүү сунушталган. Бирок кийин парламенттин Экономика жана фискалдык комитетинде "мындай иш соттун чечими менен гана аткарылат" деп өзгөртүлдү", — деди Алиев.
Белгилей кетсек, Салык кодексинин жаңы редакциясы ишке киргизилсе салыкчыларга өз тармагы боюнча кылмыштарды териштирип, алгачкы тергөө жүргүзүү укугу берилет.