Салык кызматы: экспортчу ишкерлердин электрондук эсеп-фактурасы болушу керек

Бул документ товарларды Кыргызстандан тоскоолдуксуз ташып чыгууга шарт түзүп, ар кандай кечигүүлөрдү алдын алат.
Sputnik
БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Өлкө аймагынан товар ташып чыгууда экспорттоочулардын жанында электрондук эсеп-фактурасы болушу керек. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы эске салды.
"Бул документ товарларды Кыргызстандан тоскоолдуксуз ташып чыгууга шарт түзүп, ар кандай кечигүүлөрдү алдын алат. Импорттоочу өлкөлөрдүн мамлекеттик органдары тарабынан ар кандай кошумча текшерүү болтурбоого жардам берет", — деп айтылат билдирүүдө.
Садыр Жапаров: ишкер же инвесторго кысым көрсөткөндөрдү катуу жазалайбыз!
Эскерте кетсек, 2020-жылдын 1-июлунан тарта Кыргызстанда бардык кошумча нарк салыгын жана импорт, экспорт үчүн салык төлөөчүлөр электрондук эсеп-фактурасын милдеттүү түрдө колдонушу керек.
Электрондук эсеп-фактура системасы ишке киргенден тартып аны 16 миң 303 ишкер колдонууда. Аларга жалпысынан 1 триллион 453 миллиард 864,4 миллион сомду жүгүртүү үчүн 9 миллион 543 миң 712 электрондук эсеп-фактура берилген.