БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Россиянын Саламаттык сактоо министрлиги эмчек рагын дарылай турган инновациялык препаратты клиникалык сыноодон өткөрүүгө уруксат берди. Бул тууралуу дарыны иштеп чыккан Илимдер академиясынын Сибирдеги бөлүмүнө шилтеме берип РИА Новости жазды.
"Бул гендик-модификацияланган онкологиялык вирустун негизинде жасалган, залалдуу шишикке каршы иштей турган Россиядагы алгачкы препарат. Клиникалык сыноого чейинки текшерүүлөр маалында модификацияланган вирус шишикке барганда, ага каршы иштеп, бирок таза клеткаларга зыянын тийгизбей турганы белгилүү болду", — деп айтылат билдирүүдө.
Ошондой эле сөз болуп жаткан препарат метастаздарды өз алдынча издеп таап, аларды жок кылууга аракет кылары аныкталган.
Окумуштуулар гендик инженериянын өнүгүшү рак клеткаларын жок кылып гана тим болбостон, залалдуу шишикке каршы иммунитетти пайда кыла турган жаңы вирустарды жасоого мүмкүнчүлүк берип жатканын кошумчалашты.