Радио

Зарылбек уулу: мекеменин санариптешүүсү пробация кардарлары үчүн ыңгайлуу

Юстиция министрлигине караштуу Пробация департаментинин директору Алмазбек Зарылбек уулу аталган мекеменин 53 аймактык бөлүмү бар экенин айтты.
Sputnik
Былтыркы жылдан тарта эле департамент ичинде кагаз иштерин санариптештирүү колго алынган. Учурда жыйынтыкталып, толугу менен ишке кирди. Бул тууралуу Алмазбек Зарылбек уулу Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, учурда 10 миңден ашуун адам пробациялык кардар катары каттоодо турат.
"Пробация департаменти анча оор эмес кылмыш жасап, соттун чечиминин негизинде жаза өтөөгө жиберилген жарандар менен иш алып барат. Учурда республиканын бардык региондорунда бөлүмдөрүбүз бар. Санариптештирүүнүн натыйжасы менен аймактагы 53 бөлүмдүн тең ишин борбордон көзөмөлдөп, көрүп турууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Документтердин электрондоштурулушу менен ишибизде оперативдүүлүк күчөп, бир топ жеңилдеди", — деди Зарылбек уулу.
Жетекчи санариптештирүү биринчи кезекте адамдык факторду жоёрун кошумчалады.
Подкасттын толук вариантын видеодон көрүңүз: