Президенттин иш башкармалыгы эми Жогорку Кеңешти да тейлемей болду

Таратылган маалыматта эки башкармалыктын базасында президенттин иш башкармалыгы түзүлөрү айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Президенттин иш башкармалыгы менен Жогорку Кеңештин иш башкармалыгы бириккенин өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын ишин материалдык-техникалык жана финансылык камсыздоону өркүндөтүү жөнүндө" жарлыгына мамлекет жетекчиси Садыр Жапаров кол койгон.
Садыр Жапаров депутаттардын айлыгын азайтты. Жаңы жарлык
Ага ылайык, президенттин иш башкармалыгы жана Жогорку Кеңештин иш башкармалыгынын базасында Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкармалыгы түзүлөт.
Аталган башкармалык президенттин, Жогорку Кеңештин, министрлер кабинетинин, президенттик администрациянын жана Жогорку Кеңеш аппаратынын ишин материалдык-техникалык жана финансылык камсыздоону жүзөгө ашырат.