Мишустин: ЕАЭБ дүйнөлүк экономиканын маанилүү транспорттук хабы боло алат

Михаил Мишустиндин пикиринде, бирдиктүү транспорттук байланыш дүйнөлүк океанга түз чыга албаган ЕАЭБ өлкөлөрүнө бир топ жакшы мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берет.
Sputnik
БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Евразия экономикалык биримдигинин дүйнөлүк экономикада маанилүү транспорттук хаб болуп калуу мүмкүнчүлүгү бар. Бул тууралуу Экинчи евразиялык конгрессте Россиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин билдирди.
Ал "Негизги инвестициялык долбоорлор — ЕАЭБдин экономикалык өсүшүнө түрткү болчу жагдайлар" сессиясында сүйлөдү. Премьердин айтымында, Россия, Казакстан жана Кытай "Европа — Батыш Кытай" аталышындагы эл аралык транспорттук коридорду ишке киргизүү алдында турат.
"Евразиялык транспорттук каркас түзүп алышыбыз керек. Башкача айтканда, Евразиянын аймагында авто, темир, деңиз жана аба жолдору боюнча биргелешкен инфраструктура болушу зарыл. "Чыгыш — Батыш", "Түндүк — Түштүк" коридорлорунун калыптанышы Кытай жана Европа биримдигинен жүк алуу жана жеткирүүнү бир топ жакшыртат", — деди Мишустин.
Кегетиге 380 миң долларлык туристтик комплекс курулат. Сүрөт
Анын пикиринде, мындай транспорттук байланыш дүйнөлүк океанга түз чыга албаган ЕАЭБ өлкөлөрүнө бир топ жакшы мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берет.
"Ошондо негизинен авто жана темир жолго басым жасаган ЕАЭБ дүйнөлүк экономикада маанилүү транспорттук хаб болуп калмакчы", — деди Россиянын өкмөт башчысы.
Иш-чараны Россия өкмөтүнүн колдоосу менен Евразия өнүктүрүү банкы уюштурду. Sputnik эл аралык маалымат агенттиги жана радиосу конгресстин маалыматтык өнөктөшү.