Кайсы партиялар алдыда келе жатат? Добуштардын 60%ы саналып бүттү

Саат 9:20га карата 1 530 шайлоо тилкесинин протоколдорунун маалыматы каралууда. Бул 693 043 жарандын тандоосу ачыкталганын түшүндүрөт.
Sputnik
БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. БШК парламенттик шайлоодо берилген добуштардын 61,23 пайызын кол менен санап бүттү. Бул тууралуу Боршайкомдун бюллетендерди эсептөөнү онлайн режиминде көрсөткөн newess.shailoo.gov.kg порталында маалымдалат.
Саат 9:20га карата 1 530 шайлоо тилкесинин протоколдорунун маалыматы каралууда. Бул 693 043 жарандын тандоосу ачыкталганын түшүндүрөт. Жалпысынан шайлоого 1 273 557 кыргызстандык катышкан.
Азырынча беш пайыздык чектен өтө алган партиялар:
Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтүп, АСУнун алдын ала жыйынтыгы чыккан. Партия тизмеси боюнча беш пайыздык босогодон алты партия өткөн. Бир мандаттуу округ боюнча да алдын ала жыйынтык белгилүү болду. Акыркы жыйынтык протоколдордун баары кол менен эсептелип чыккандан кийин расмий жарыяланат.