ЕАЭБдин бирдиктүү товар өткөрүү тармагы Кыргызстанга эмнеси менен пайдалуу

Москвада экинчи Евразиялык конгресс өтүп жатат. ЕАЭБдин бирдиктүү товар өткөрүү тармагына арналган иш-чарада айыл чарба министри сөз сүйлөдү.
Sputnik
БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. ЕАЭБдин бирдиктүү товар өткөрүү тармагы Кыргызстан үчүн коңшу мамлекеттер аркылуу жүк ташуу үчүн пайдалуу. Бул тууралуу өлкөнүн айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков Экинчи евразиялык конгрессинде билдирди.
Ал бирдиктүү товар өткөрүү тармагына арналган сессияда сөз сүйлөдү. Министр өлкөгө класстердик система керектигин, бул экспорттук потенциалды жогорулатарын айтты. Ал Соода-логистикалык борборлор да керектигин, азыр Кыргызстанда тогузу бар болсо, дагы алтоо курулуп жатканын белгиледи.
"Пандемия өткөн жылы өлкөлөрдүн экономикасына зыян келтиргенине карабастан Кыргызстандын экспорту көбөйдү. Бизде коңшу мамлекеттерди жана биримдиктеги өлкөлөрдү айыл чарба продукциясы менен камсыздоодо көлөм жагынан маселе жаралды", — деген министр.
Ал бирдиктүү товар өткөрүү тармагы бир катар көйгөйлөрдү чечет деп эсептейт.
"Биз коңшу мамлекеттердин аймагы аркылуу товарларды ташууда белгилүү бир кыйынчылыктарга дуушар болобуз. Бул жерден көйгөйлөр чечилерин көрүп турам", — деди министр.
Ал ошондой эле бирдиктүү товар өткөрүү тармагында жол транспортуна басым жасоого чакырды.