Баткен: ок атылган кыргыз-тажик чек арасындагы абал боюнча соңку маалымат

Чек ара тилкесинде белгисиз адамдар ок чыгарып, жерине чек ара заставаларынын начальниктери барган. Учурда ок чыгаргандар аныктала элек.
Sputnik
БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Баткен облусундагы Дахма аймагында абал туруктуу, түн тынч өттү. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан кабарлады.
Кыргыз-тажик чек арасынын тактала элек аймагындагы курулуш иштери токтотулду
Анын жүрүшүндө тараптар 2-декабрдан тарта аталган аймактагы чек ара тилкесин биргелешип кайтаруу чечимин кабыл алганы маалым болду. Чек ара кызматкерлери кадимки тартипте иштей берет.