Радио

Тайлаков: күйүүчү майдын баасы кескин көтөрүлбөйт

Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору Кеңешбай Тайлаков Россиядан алган нефтинин дүң баасы жыл башынан бери 130 пайызга чейин жогорулаганын айтты.
Sputnik
Күйүүчү май социалдык жактан маанилүү товарлардын катарына киргендиктен анын баасынын кескин жогорулап кетишине жол бербөө үчүн бардык аракеттер жүрүп жатат. Мындай маалыматты Кеңешбай Тайлаков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстан импортко көз каранды болгондуктан бензинге болгон баанын жогорулашы дүйнөлүк рыноктогу дүң баанын кескин өскөнүнө байланыштуу.
"Кыргызстан менен Россия өкмөтүнүн ортосундагы келишимге ылайык, күйүүчү жана майлоочу майды биз Россиянын төрт ири нефтини кайра иштетүүчү заводунан алып келебиз. Ага байланыштуу индикативдик баланс дагы түзүлөт. Дүйнө рыногунда нефтинин наркы көтөрүлүп, ал Россияга да таасирин берди. Ага байланыштуу биз орус жергесинен алган нефтинин дүң баасы жыл башынан бери 130 пайызга чейин көтөрүлдү. Ал эми ички рынокто бензиндин баасы 70 пайызга чейин жогорулады. Бизде күйүүчү май социалдык жактан маанилүү товарлардын катарына киргендиктен, анын баасынын кескин жогорулап кетпеши үчүн бардык ыкмалар колдонулуп жатат. Бирок күйүүчү майга болгон баа ылдыйлабайт", — деди Тайлаков.
Ошондой эле жетекчи күйүүчү майдын баасын ушул жылдын ноябрь айына чейин кескин жогорулатпай кармап туруу мүмкүн болгондугун кошумчалады.