БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Россиянын Коргоо министрлигинин үч самолёту Афганистандан 214 кишинин эвакуациялады. Алардын арасында Кыргызстандын жарандары дагы бар. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
1-декабрь күнү эртең менен Россиянын Коргоо министрлигинин үч учагы Кабулга 36 тонна гумжардам жеткирген. Ар бир учакта эвакуациялана турган адамдарга таза суу, жууркан жана тамак-аш болгон.
"Россиянын Ил-76 үлгүсүндөгү үч аскердик-транспорттук учагы Кабулга гумжардам жеткирип, Россиянын, Кыргызстандын жарандарын жана россиялык окуу жайларда билим алып жаткан афган студенттерин эвакуациялады. Жалпы жонунан 214 адамды алып кеткен", — деп айтылат маалыматта.
Учактар Чкаловский аэродромунан Кабулга жөнөп, кайра келген. Алар Гиссар (Тажикстан) жана Кант шаарындагы аскер базасындагы аэродромдорго конуп май куйган.
Эвакуация Россиянын президенти Владимир Путиндин тапшырмасы менен аткарылган.