Дубайдагы салтанатта көтөрүлгөн Кыргызстандын туусу. Видео

Дубайдагы Дүйнөлүк көргөзмөнүн алкагында 14-декабрда Кыргызстандын Улуттук күнү уюштурула турганы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Дубайда кыргызстандыктар БАЭнин Улуттук күнүнө карата жөө жүрүштө мамлекеттин желегин салтанаттуу көтөрүп чыгышты. Бул тууралуу Соода өнөр жай палатасынын маалымат кызматынан кабарлады.
Бириккен Араб Эмирлиги быйыл мамлекеттин түптөлүшүнүн 50 жылдыгын белгилеп жаткан учуру.
Мааракелик датанын урматына "EXPO Дубай 2020" көргөзмөсүндө шоу-программалар, театралдашкан көрсөтүүлөр, белгилүү артисттердин жана бий топторунун коштоосунда көптөгөн маданий иш-чаралар уюштурулууда.
Алардын бирине Кыргызстандын павильонунун кызматкерлери дагы катышып, "EXPO 2020" көргөзмөсүнүн башка 192 мамлекет-катышуучулары менен катар өлкө желегин марш-парадда көтөрүп чыгышты.
Sputnik Кыргызстандын долбоорлору Дубайдагы Expo-2020 жарманкесинде көрсөтүлүүдө
Эске салсак, Дубайдагы бүткүл дүйнөлүк Expo-2020 Dubai (БАЭ) көргөзмөсүндө кыргызстандыктардын павильону ачылган. Анда көчмөн жашоо образына негизделген кыргыз элинин оригиналдуу маданиятын, салтын, үрп-адатын көрсөткөн экспозиция түзүлгөн. Көрүүчүлөр боз үйгө кирип, үй буюмдарын кармалап көрө алышат. Павильондо салттуу кийим, зер буюмдар да коюлган.
Маалыматта Дубайдагы Дүйнөлүк көргөзмөнүн алкагында 14-декабрда Кыргызстандын Улуттук күнү уюштурулары, анын урматына маданий жана ишмердүүлүк программалар даярдалып жатканы айтылды.
Мамлекеттин түптөлүшүнүн 50 жылдыгын белгилеп жаткан Бириккен Араб Эмирлиги — алты монархиядан турган федерация дүйнөнүн саясий картасына 1971-жылы 2-декабрда түшкөн.