Өзүнө тартып, кыя өткөрбөй... Чыгыш бийинде термелген кыздар

Чыгыш бийи — улутка, динге, адамдын жынысына карабай көптөрдү кызыктырган, өзүнө тарткан искусствонун бир түрү. Sputnik бул сапар ар кайсы өлкөлөрдөгү бий чеберлерин сүрөт баянда сунуш кылат.
Sputnik
Көргөн көздү кызыктырган бул бийдин мекени Жакынкы Чыгыш деп эсептелет. Ал бир нече кылымда бүтүндөй дүйнө жүзүнө тараган. Азыркы күндө анын элүүгө чукул түрү бар деп айтылып келет.
Ал аткарылып жатканда көз салбай, кайдыгер карап, кыя өткөндөрдү кезиктирүү кыйын. Чыгыш бий дүйнөнүн башка жагынан пайда болгону менен бул кылымда тутунган динине, улутуна карабай көп мамлекеттерде эл кызыгып көргөн, кызыгып бийлеген искусствонун түрүнө айланды.
1 / 10
Чыгыш бийин (танец живота) бийлеп жаткан кыз. Сүрөт 1969-жылы Египеттин Каир шаарына жакын жерде тартылган
2 / 10
1963-жыл. Белгилүү бийчи кыз Сохаир Закинин туристтердин алдында бийлеп жаткан учуру
3 / 10
Марокколук бий чебери Майя Дбайч үлпөт тойдо бийлеп жатат
4 / 10
Мексикалык бийчи кыздын Каирдеги фестивалда чыгыш бийин аткарып жаткан чагы
5 / 10
Майя Дбайчтин аткаруусундагы чыгыш бийи
6 / 10
Каирдеги чыгыш бийи фестивалына катышкан АКШлык конкурсанттын бийлеп жаткан учуру
7 / 10
Каирдеги отелдердин биринде өткөн шоудагы бийден бир көрүнүш
8 / 10
Россиялык бийкечтин бийи
9 / 10
Бийчи Сохаир Заки тыюу салынган костюм менен уят катары саналган көрүнүштө турат. Египеттик түшүнүк боюнча каптал жагы жырык көйнөк кийүү "сексуалдуулукка азгыруу" деп эсептелет
10 / 10
Чыгыш бийи боюнча Казанда (Татарстанда) өткөн Европа чемпионатынан бир көрүнүш