Кир самын, гезит… Адис СССРден калган зыяндуу адаттарды санап берди

Советтер Союзундагы жеке гигиенанын эрежелеринин кээ бирлерин азыркы адистер ден соолук үчүн зыяндуу деп аташты.
Sputnik
БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Улуу муундун өкүлдөрү Советтер Союзунда тараган бир катар гигиеналык эрежелерди карманып келет, бирок алардын арасында ден соолукка зыян келтирчү учурлар бар. Бул тууралуу "Медикфорум" порталы жазды.
Медиктер мындай процедуралардын бири — кирингенде кир самынды колдонуу экендигин айтты. Азыр деле калк арасында ак самын менен жуунган алда канча пайдалуу деген пикир бар.
"Кир самын менен жуунган териге зыян. Анда май кислоталары, саломас (катуу май), щелочь, аны менен катар эле жегич натрий жана канифоль бар. Демек, андай самын дерматиттин пайда болушун шарттайт", — деп түшүндүргөн адистер.
Радио
Ыбышева: суу тийип, эзилип калган самынды колдонбоо керек
Мындан сырткары, советтик жарандар ажаткана кагазынын ордуна кээде гезитти колдонушкан. Медиктер бул дагы абдан зыян экенин эскертишти. Себеби андай кагаздар басмада пайдалангандыктан, хромат жана коргошундун сульфиди бар. Демек, аны денеге жакын жолотпош керек.
Адистер зыяндуу адаттардын дагы бири — терини одеколон менен тазалоону айтышкан. 1940-жылдардын соңунда, косметика жаңы пайда боло баштаганда аялдар беттеги боёкторду самын менен жууп салышкан. Андан кийин эмнегедир эркектердин курамында терини кургатып жана көзгө кооптуулук жараткан спирти бар одеколонун колдоно башташкан.