Радио

Тостоков: өлкөдө 1500-2000дей адам ВИЧ менен ооруганын билбейт

Республикалык СПИД борборунун дарылоо бөлүмүнүн дарыгери Эркин Тостоков Кыргызстанда бүгүнкү күндө 11 006 адам расмий түрдө ВИЧ/СПИД инфекциясы менен каттоодо турарын айтты.
Sputnik
Биздин эң негизги көйгөй — ВИЧ инфекциясын жуктурган жаңы учурларды аныктоо болуп эсептелет. Үстүбүздөгү жылдын ноябрь ичи калк арасында инфекцияны анонимдүү жана бекер диагностикалоону жогорулатууга багытталган ыкчам тестирлөө боюнча иш-чаралар өткөрүлдү. Ошондой эле өлкөдөгү окуу жайларда, жаштар уюмдарында, мекеме-ишканаларда жана эл көп чогулуучу коомдук жайларда ВИЧ\СПИД илдети тууралуу маалыматты жайылтуу жана түшүндүрүү иштери жүрүп, атайын семинарлар, талкуулар болду. Бул тууралуу Эркин Тостоков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, учурда ВИЧ илдети менен ооруган киши кайсы аймакта катталса, жашаган жерине карабастан ошол аймактын статистикасына кошулат.
"Быйыл он айдын жыйынтыгы боюнча 665 кишиден ВИЧ/СПИД аныкталды. Жалпысынан расмий түрдө Кыргызстанда 11 006 адам ВИЧ/СПИД инфекциясы менен каттоодо турат (Чүй – 2965, Бишкек – 2406, Ош облусу – 1634, Ош шаары – 1200 жана башка облустар). Анын 10395и кыргызстандыктар, ал эми калганы чет өлкөлүк жарандар. Бейтаптардын 63 пайызы эркек, ал эми 37 пайызы аял кишилер. Оорудан каза болгондордун саны 2385 кишини түзөт. ВИЧ илдетинин эң акыркы баскычы болгон СПИДге кабылгандар 1148 адамга жетти. Эл аралык, саламаттык сактоо уюмдары тарабынан жүргүзүлгөн атайын иш-чаранын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда болжол менен 1500-2000дей адам ВИЧ илдетин алып жүрөт жана алар ооруганын билбейт. Биздин негизги максат — ошол адамдарды таап, аныктап жана дарылоо иштерин жүргүзүү. 2000-2010-жылдары ВИЧ инъекциялык жол менен көбүрөөк тараса, азыр 80 пайыз жыныстык жол аркылуу жугуп жатат", — деди Тостоков.
Дарыгер бейтап дайыма антиретровирустук дарыларды ичип турса эле кадимкидей өмүр сүрүп, адамдарга оору жугузбай турганын, ал эми дарылар бекер берилерин эскертти.