UWW мыкты балбандардын катарында Эрназар Акматалиевге акчалай сыйлык берет

Дүйнөлүк уюм биринчи жолу күрөштүн эркин, кыз-келиндер жана грек-рим түрү боюнча 30 салмактагы алдыңкы үчтүккө кирген балбандарды акчалай сыйламак болду.
Sputnik
БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Бириккен күрөш дүйнөсү (UWW) уюму жылды жыйынтыктап, рейтингде алдыңкы орунда турган балбандарга, анын ичинде кыргызстандык Эрназар Акматалиевге акчалай сыйлык ыйгарды. Бул тууралуу маалыматты уюм өзүнүн расмий сайтына чыгарды.
Анда айтылгандай, биринчи жолу күрөштүн үч түрү (эркин, кыз-келиндер жана грек-рим) боюнча 30 салмак категориясындагы алдыңкы үчтүккө кирген балбандар сыйланат. Рейтингде биринчиде турган спортчуга 10 миң доллар, экинчиге жети миң, ал эми үчүнчү саптагы атлеттерге үч миң доллар каралган.
70 килограмм салмакта:
Уюмдун жылды жыйынтыктаган рейтинги боюнча дагы үч кыргызстандык балбан акчалай сыйлык алышы керек. Бирок уюм маалыматында бул боюнча жазган эмес.
Мээрим алдыга чыкты. Кыргыз балбандары UWW уюмунун рейтингинде секирик жасашты
Маселен, кыз-келиндер күрөшү боюнча 62 килограмм салмакта Айсулуу Тыныбекова рейтингде биринчи орунда турат. Дагы бир балбан кыз Мээрим Жуманазарова 68 килограмм салмакта экинчиде.
Ал эми грек-рим күрөшүнүн чебери Жоламан Шаршенбеков 60 килограмм салмактагы балбандардын арасында үчүнчү сапка жайгашкан.
Ranking Series сыйлыгы буга чейин күрөштүн ар бир түрүнөн бирден мыкты балбанына гана берилип келген.
Эске салсак, Эрназар Акматалиев быйыл 23 жашка чейинкилер арасында дүйнө чемпиону болгон. Ал эми дүйнөлүк биринчиликте күмүш байге тагынган.