Радио

Токторбеков: унаа тетиктери Дубайдан көп келе баштады

Унаа тетиктерин тандоо боюнча адис Эруланбек Токторбеков Кыргызстанда автомобиль заводдору жок болгондуктан бардык унаа тетиктери импорттолорун айтты.
Sputnik
Унаа тетиктери өлкөгө көбүнчө Кытайдан, Япониядан, Россиядан жана Бириккен Араб Эмирлигинен алып келинет. Мындай пикирин Эруланбек Токторбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, автомобиль тетиктерин жеткиликтүү баада Дубай шаарынан ташуу ыңгайлуу болууда.
"Унаа тетиктери бизге көбүнчө Кытай, Япония, Россия жана Бириккен Араб Эмирлигинен келет. Акыркы учурларда Дубай шаарынан эксплуатациядан чыккан машиналардын тетиктерин ташый башташты. Анткени сапаты жагынан да, баасынын жеткиликтүүлүгү да сатып алуучуга ыңгайлуу болууда. 2000-2005-жылдары чыгарылган унаалардын эскилиги жетип калгандыктан гидравликалык насос, мотор сыяктуу маанилүү тетиктерине буюртма берилет", — деди Токторбеков.
Ошондой эле адис кыш мезгилинде жол кырсыктары көп катталгандыктан унаанын кузовуна байланыштуу тетиктерге талап жогорулай тургандыгын кошумчалады.