УКМК: Түркия Кыргызстанда мамлекеттик төңкөрүш жасоого даярдык көргөн эмес

Мамлекеттик комитет тышкы саясий күчтөрдүн өлкө ишине кийлигишүүгө жол берилбей турганын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет "Түркиянын Кыргызстанда төңкөрүш жасоого даярдап жатканы ачыкталды" деген маалыматты төгүндөп билдирүү таратты.
Буга чейин интернет айдыңында жана айрым чет өлкөлүк ЖМКларда жеке булактарына таянуу менен Бишкекте Түркиянын катышуусу менен мамлекеттик төңкөрүш даярдалганы тууралуу кабарлар жарыяланып кеткен.
"Маалымат чындыкка дал келбейт", — деди УКМКдан.
Комитет бир дагы чет мамлекет Кыргызстандын ички саясий ишине кийлигише албай турганын расмий билдирди. Ошондой эле мындай аракеттерге УКМК жол бербей турганы айтылды.