Пресс-борбор

SputnikPro: фейк жаңылыктар тууралуу мастер-класс өткөрүлөт 

Россияда белгилүү журналисттер кыргызстандык кесиптештери менен фейк кабарлар жана конфликт болуп жатканда иштөөнүн сырлары менен бөлүшөт.
Sputnik
БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik маалымат кызматы. Sputnik Кыргызстан эл аралык маалымат агенттиги жана радиосу SputnikPro долбоорун улантат. Дүйшөмбү күнү, 6-декабрь саат 10:30да, Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда журналисттер үчүн мастер-класстар сериясы өткөрүлөт. Спикер катары "Россия сегодня" медиа тобунун аткаруучу директору Кирилл Вышинский менен “Не верю!" подкасттарынын алып баруучусу Артем Буфтяк келет.
Вышинский салтка айланган жана жаңы медиалардагы публицистика, конфликт аймагында иштер тууралуу айтып берет. Ошондой эле “фейк жаңылыктар тууралуу кооз жана кызыктуу” сессиясына катышат. 
1 / 2
"Россия сегодня" медиа тобунун аткаруучу директору Кирилл Вышинский
2 / 2
“Не верю!" подкасттарынын алып баруучусу Артем Буфтяк
Кирилл Вышинский – журналистикада келе жатканына 25 жылдын жүзү болду. Көп жыл бою Украинанын теле жаатында эмгектенген.
Артём Буфтяк – "Не верю!" жана "Мы все умрём. Но это не точно" подкасттарынын алып баруучусу. "Россия сегодня" агенттигине чейин энергетика, IT жана реклама тармактарында иштеген. Иш-чарага катышуу үчүн (0312) 98-69-38, (0312) 98-69-33, (0708) 17-54-10 телефондоруна чалып же n.naizabekova@sputniknews.com электрондук дарегине жазса болот. 
SputnikPro долбоору: дүйнө жүзүндөгү журналисттерге мастер-класс өткөрүлдү
SputnikPro — бул Россиянын мыкты медиа-менеджерлеринин жана алдыңкы адистеринин презентация жана мастер-класстары. Алар өз тажрыйбаларын журналисттер, маалымат катчылар, жогорку курстун студенттери менен бөлүшөт. Белгилей кетсек, SputnikPro долбоору 2018-жылы жазында башталып, Беларустун, Грузия, Азербайжан, Армения жана Кыргызстандын медиа коомчулугунун жогорку баасын алган.
Sputnik Кыргызстан — ондогон мамлекетке жайылган эл аралык маалымат агенттиги жана радиосунун бир бөлүгү. Sputnik дүйнө жүзү боюнча 30дан ашык тилде маалыматтарды жеткирет. Өзүнө аналогдук жана санариптик радиоберүүлөрдү, мобилдик тиркемелерди, социалдык тармактардагы баракчаларды камтыйт. Колдонуучулар үчүн Sputnik күнү-түнү англис, араб, испан жана кытай тилдеринде маалымат берет.