Россия ТИМи Кыргызстандагы шайлоо тууралуу өз оюн айтты

Мария Захарова парламенттин жаңы курамы Россия менен кызматташтыкты күчөтүп, Евразия алкагында интеграциялык процесстерге түрктү болоруна үмүт артарын билдирди.
Sputnik
БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Россиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова Кыргызстандагы парламенттик шайлоо тууралуу билдирүү жасады.
Анын айтымында, эл аралык байкоочулардын басымдуу бөлүгү, анын ичинде КМШнын мониторингдик миссиясы добуш берүү ачык-айкын өтүп, одоно мыйзам бузуулар болбогонун билдирген. 
"Кыргызстан элинин тандоосу өлкөдөгү туруктуулукту бекемдөөгө жардам берет деп ишенем. Ошондой эле мыйзам үстөмдүгү орногон демократиялык өнүгүүлөр болуп, экономикалык жылыштарга алып келишине тилектешпиз”, — деди Захарова.
Добуштардын 50%ы саналды. Алдыда келе жаткан партиялар
Мындан тышкары, ал парламенттин жаңы курамы Россия менен кызматташтыкты күчөтүп, Евразия алкагында интеграциялык процесстерге түрктү болоруна үмүт артарын кошумчалады.
Захарованын айтымында, Кыргызстандагы шайлоонун ийгиликтүү өтүп кетишине кол кабыш кылуу үчүн Россия бийлиги колдон келген жардамын көрсөтүп, РФтин аймагында 21 шайлоо участогун ачып берген.
Кыргызстанда 28-ноябрь күнү парламенттик шайлоо болуп өттү. Алдын ала жыйынтыктарга караганда, Жогорку Кеңешке алты партия өттү.