БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Москва COVID-19 менен күрөшүп жаткандарга жардам берген европалык шаарлардын ичинен инновациялык рейтингде биринчи орунду ээледи. Бул тууралуу mos.ru сайты билдирди.
Рейтингди изилдөөлөр менен иш алып барган StartupBlink эл аралык агенттиги түзгөн.
Россия борбору дүйнөлүк ири калаалардын ичинен Нью-Йорк жана Сан-Францискону гана алдына чыгарган, жыйынтыгында үчүнчү орунду ээлеген. Ал эми европалык ири шаарлардын арасынан алдыга чыгып, Лондон менен Барселонаны артка таштаган.
Эсептей келгенде, көч башында Нью-Йорк, Сан-Франциско, Москва турса, аларга Бостон менен Лондон кошулуп, бештикти түзгөн.
Россиянын борборунда жогорку көрсөткүчтүн жаралышына коронавирустун таралышына каршы күрөштө колдонулган 160ка чукул алдыңкы чечимдер жардамчы болгон.
Алардын арасында Жасалма интеллектинин негизинде түзүлгөн компьютердик байкоонун алгоритмдери бар. Бул ыкма рентгенологдорго үч миллионго жакын изилдөөнү жасаганга көмөктөшкөн.
Дагы бир жаңычылдык — бейтаптарды, дарыгерлерди, медициналык уюмдарды, камсыздандыруу компанияларын, фармакологиялык өндүрүштү жана сайттарды бириктирген маалыматтардын топтому же булут платформасы.
Жогорку көрсөткүчтөрдү жаратууга пандемия учурунда шаардыктардын жашоосун ыңгайлаштырууга жардам берген технология да болгон. Бул — акылдуу туризм, электрондук коммерция жана логистика, андан сырткары, аралыктан иштөө жана аралыктан билим берүү тармагындагы долбоорлор.
StartupBlink агенттигинин эксперттери Москвадагы чаралардын эпидемиологиялык көрсөткүчтөрү жана экономика тийгизген таасиринин көз карашынан туруп баалаган.
Москванын тажрыйбасы
Коронавирус менен күрөштө Москва ыгы жок нерселерден баш тарткан. Басымды алдын алган иштерге жасаган. Эмдеген жана акысыз экспресс-тесттерди жасаган жайларды көбөйткөн, онлайн-программалар менен окуткан платформаларды патенттешкен, телемедицинанын мүмкүнчүлүктөрүн арбытышкан.
Москванын саламаттыкты сактоо системасы пандемия — COVID-19 чегине жетип, көбөйүп турган учурда пландалган жана ыкчам жардам берилүүчү кызматтар токтоп калбай иш алып баруу, чыдамкайлыкты көрсөтүү жаатында жакшы тажрыйба топтоп алды.
Борбор акча бөлүп, жеңилдиктерди карап бизнести колдоого алып жатат. Быйыл көрүлгөн чаралардан орто жана чакан бизнестеги 25 миң ишкана колдонгону айтылды.
Рейтинг кантип түзүлөт?
Рейтинг коронавирус менен күрөшүү боюнча жаңычылдык чечимдердин глобалдуу картасынын базасында түзүлүп, дүйнөнүн 40 мамлекети жана алдыңкы делген 100 шаар бааланат. Глобалдуу карта 2020-жылдын март айында түзүлгөн. Бир жыл бою ага миңдеген чечимдер кошулуп турган.
Рейтинг алгоритми жаңычылдыктын коронавирус менен күрөштө пайдаланылган саны менен типтерин аныктайт. Кароого алынган долбоорлор үч базалык талапка жооп бериши керек. Алар: жаңычылдык, релеванттуулук (чечимдер COVID-19дун чакырыктарына жооп бериши керек) жана шексиздик. Кошумча баллдар өзгөчө демилгелер үчүн ыйгарылат. Бардык чечимдер алдын ала модернизациядан өтүп, эксперттер тарабынан сапаттын критерийи жана маалыматтардын шексиздиги боюнча тандалат.