Министрлик вакцинаны ташып, сактай турчу эки автомуздаткычтуу болду

Citroen автоунааларына орнотулган эки муздаткыч коронавируска каршы вакциналарды бир жерден экинчи жерге жеткирүү үчүн да пайдаланылмакчы.
Sputnik
БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Бүгүн, 1-декабрда, Саламаттык сактоо министрлигине вакциналарды ташып жеткирүүдө пайдалануу үчүн эки автомуздаткыч берилди. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы кабарлады.
1 / 3
Бүгүн, 1-декабрда, Саламаттык сактоо министрлигине вакциналарды ташып жеткирүүдө пайдалануу үчүн эки автомуздаткыч берилди
2 / 3
Автомуздаткычтар "Аймактарды өнүктүрүү үчүн социалдык өнөктөштүк" долбоорунун алкагында сатып алынган
3 / 3
Эске салсак, фонд кыргыз өкмөтү менен Centerra жана "Кумтөрдүн" ортосундагы Айлана-чөйрөнү коргоо жана инвестицияны өнүктүрүү боюнча стратегиялык макулдашуунун алкагында 2017-жылы түзүлгөн
Автомуздаткычтар "Аймактарды өнүктүрүү үчүн социалдык өнөктөштүк" долбоорунун алкагында сатып алынган. Эске салсак, фонд кыргыз өкмөтү менен Centerra жана "Кумтөрдүн" ортосундагы Айлана-чөйрөнү коргоо жана инвестицияны өнүктүрүү боюнча стратегиялык макулдашуунун алкагында 2017-жылы түзүлгөн.
"Бул муздаткычтардын жардамы менен коронавируска каршы алынган вакциналарды ташыйбыз. Pfizer BioNTech, Moderna жана башкалары салкын жерде болушу керек. Коронавирус инфекциясы менен күрөшкө салымын кошкон бардык өнөктөштөргө эбегейсиз ыраазы экендигибизди билдиребиз", — деген саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев.
Кыргызстанда эмделгенин тастыктоочу QR-код системасы киреби? Министрдин жообу
Министрликтен буга чейин -150 градустан -250 градуска чейин кармай турган авторефрижератор, муздаткычтарды алууга арыз берилгени айтылган. Ал тизмеде термо-сумкалар, термоконтейнерлер жана шокко каршы аптечкалар да болгон. Кийинки тизме менен саналгандар экинчи этап менен берилери айтылды.
Экономика жана коммерция министрлиги Саламаттык сактоо министрлигине вакциналарды муздак температурада ташуу жана сактоо үчүн "Аймактарды өнүктүрүү үчүн социалдык өнөктөштүк" долбоорунун алкагында сатып алынган автомуздаткычтарды берди.