Улуттук банк медиктер менен ыктыярчыларга арналган монетаны жүгүртүүгө чыгарды

Улуттук банк "Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине 30 жыл" жана "Өмүр сакчыларына таазим" деген тыйындарды чыгарды.
Sputnik
БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Бүгүндөн тарта Улуттук банк эки коллекциялык монетаны жүгүртүүгө киргизди.
"1-декабрда "Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине 30 жыл" аталышындагы күмүш монета менен, саламаттык сактоо тармагынын кызматкерлерине, укук коргоо органдарына, ыктыярчыларга жана башка бардык COVID-19га каршы күрөшкөндөргө ыраазычылык иретинде "Өмүр сакчыларына таазим" тыйыны чыгарылды", — деп айтылат маалыматта.

Монеталардын сүрөттөлүшү

КМШнын эмблемасы "Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине 30 жыл" коллекциялык күмүш монетасынын алдыңкы бетинин негизги сюжети болуп эсептелет. Монетанын төмөн жагында номиналы "10 сом" көрсөтүлгөн. "Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине 30 жыл / Содружеству Независимых Государств – 30 лет" деген жазуу монетанын четине тегерете жайгаштырылган.
КМШнын эмблемасы "Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине 30 жыл" коллекциялык күмүш монетасынын алдыңкы бетинин негизги сюжети болуп эсептелет
Тыйындын арткы бетинин негизги сюжети катары кызматташуу, өз ара иш алып баруу жана өнүгүү жолдорунун символу катары чиеленген сызыктардын сүрөтү берилген. Монетанын борборунда Кыргызстандын герби түшүрүлгөн. Төмөн жагында металлдын сапат белгиси (Ag 925), салмагы (28,28 g) жана чыгарылган жылы (2021) көрсөтүлгөн. "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы/Национальный банк Кыргызской Республики" деген жазуу монетанын четине тегерете жайгаштырылган.
Тыйындын арткы бетинин негизги сюжети катары кызматташуу, өз ара иш алып баруу жана өнүгүү жолдорунун символу катары чиеленген сызыктардын сүрөтү берилген
"Өмүр сакчыларына таазим!" коллекциялык жез-никель монетасынын алдыңкы бетинин негизги сюжети катары коронавирус инфекциясынын пандемиясын жеңүү үчүн өз жанын аябастан эмгектенген ар кандай кесиптин ээлери менен ыктыярчылардын өкүлдөрүнүн элестери берилген. Монетанын жогору жагында табияттын ойгонуп келе жаткандыгын көрсөткөн таңкы шүүдүрүм менен жаңы жашоону түшүндүргөн таңдын жаңыдан атышын элестеткен абстрактуу сүрөт чагылдырылган. "Өмүр сакчыларына таазим! / Спасибо за жизнь!" деген жазуу тыйындын четине тегерете жайгаштырылган. Төмөн жагында номиналы "1 с" көрсөтүлгөн.
"Өмүр сакчыларына таазим!" коллекциялык жез-никель монетасынын алдыңкы бетинин негизги сюжети катары коронавирус инфекциясынын пандемиясын жеңүү үчүн өз жанын аябастан эмгектенген ар кандай кесиптин ээлери менен ыктыярчылардын өкүлдөрүнүн элестери берилген
Жаратылыш мыйзамы менен адам өмүрү бир бүтүн жашоо булагы экендигин билдирген, адамдардын биримдигин өсүп турган дарак катары чагылдырган сүрөт монетанын арткы бетинин негизги сюжети болуп саналат. Тыйындын борборунда Кыргызстандын герби түшүрүлгөн. "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы / Национальный банк Кыргызской Республики" деген жазуу монетанын четине тегерете жайгаштырылган. Төмөн жагында чыгарылган жылы (2021) көрсөтүлгөн.
Жаратылыш мыйзамы менен адам өмүрү бир бүтүн жашоо булагы экендигин билдирген, адамдардын биримдигин өсүп турган дарак катары чагылдырган сүрөт монетанын арткы бетинин негизги сюжети болуп саналат
Коллекциялык монеталарды Улуттук банктын мекемелеринин кассаларынан иш күндөрү эртең мененки саат 9:00дөн түшкү 15:00гө чейин жана www.numizmat.nbkr.kg веб-сайтынан алууга болот.