Кыргызстанда эмделгенин тастыктоочу QR-код системасы киреби? Министрдин жообу

Буга чейин социалдык тармактарда бийлик кийинки аптадан тарта адамдын коронавируска каршы эмдөөдөн өткөнүн тастыктай турган QR-код системасын киргизет деген маалымат тараган.
Sputnik
БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Кыргызстанда QR-код системасын киргизүү планы жок. Бул тууралуу Sputnik редакциясына саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.
Буга чейин социалдык тармактарда, анын ичинде "Бишкек сегодня" Telegram-каналында дагы бийлик кийинки аптадан тарта адамдын коронавируска каршы эмдөөдөн өткөнүн тастыктай турган QR-код системасын киргизет деген маалымат тараган. Анда вакцина албай, QR-кодго ээ болбогондор соода борборлору, кафе-ресторан сыяктуу коомдук жайларга киргизилбей турганы айтылган.
Министр бул маалыматты төгүндөдү.
"Жок, андай нерсе пландалган эмес. Бул маселени мен чечем да, азыр андай оюбуз жок", — деди Бейшеналиев.
Коронавирустун 53 жаңы учуру катталып, үч адам көз жумду. Статистика
Соңку маалыматтарга караганда, Кыргызстанда 1,1 миллион киши коронавируска каршы вакцинанын биринчи дозасын алды. Ал эми экинчи компоненти дээрлик 900 миң кишиге сайылды.
Белгилей кетсек, эмделгендер жана ооруп сакайгандар коомдук жайларда эркин жүрүшү үчүн аларга QR-код берүү чечимин Россия бийлиги кабыл алган. Ушул эле эрежелер Европанын айрым мамлекеттеринде колдонулуп жатат.