БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Кубадагы BioCubaFarma биотехнологиялык компаниялардын тобу коронавирустун "омикрон" деп аталган жаңы штаммы жукканда кандай болуп жаткандыгы боюнча отчётторду тыгыз карап чыгып, ага каршы атайын вакцина иштеп чыгууда. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Агенттик жогорудагы маалыматты холдингдин президенти Эдуардо Мартинестин айткандарына таянып билдирген.
"Омикрон" деп аталган жаңы штамм жукканда кандай болорун көңүл коюп байкап жатабыз. Ага каршы атайын вакцинаны иштеп чыгуудабыз, аны тез арада жасайбыз. Эми башкысы, күчтөндүргөн дозасын кошкондо эмдөө иштерине көз салуу керек жана COVID-19га байланыштуу санитардык чараларды сактоо өтө маанилүү", — деп жазган Мартинес өзүнүн Twitter блогуна.
Буга чейин Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму шашылыш отурум өткөрүп, анын жыйынтыгы менен коронавирустун Түштүк Африкада пайда болуп, тынчсыздандырып жаткан жаңы вариантын классификациялоо чечимин кабыл алган. B.1.1.529 жаңы штаммы грек тамгасы менен "омикрон" деп аталган. Медицина боюнча дүйнөлүк ассоциациянын төрагасы Франк Ульрих Монтгомери "омикрон" кооптуулугу менен Эбола вирусу же "дельта" штаммы сыяктуу болуп кетиши мүмкүн деп түйшөлгөнүн айтты.
Маалыматтарга караганда, Кубада коронавирустун жаңы тибине каршы элдин 82,2 пайызы эмделген. Ал жакта 2 жаштан өйдөгүлөрдүн саны 9,19 миллион киши дешти.
Кубанын окумуштуулары COVID-19га каршы төтр вакцина эсептеп чыгышкан. Финли вакцина институту иштеп чыккан эки препараттан (Soberana 01 жана Soberana 02) сырткары, Гендик инженерия жана CIGB биотехнологиялар борбору эки вакцинаны изилдеп жатат. Алар — тамчылатма Mambisa жана инъекциялык Abdala. Баштапкы Soberana 01 жана Soberana 02 көп санда чыгарылып, жапырт эмдөөгө колдонуу стадиясында турат.