Коронавирустун 53 жаңы учуру катталып, үч адам көз жумду. Статистика

Өлкөдөгү ооруканаларда медициналык жардам алып жаткан 378 кишинин ичинен 30унун абалы өтө оор деп бааланды.
Sputnik
БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Өткөн суткада Кыргызстанда 53 адамдан коронавирус табылып, 102 бейтап айыкты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Жуктургандар:
Өлкөдө илдет илештиргендердин жалпы саны 183 404кө жетти. Анын ичинен 178 332 адам дартты жеңген.
Маалымат борбор
Кыргызстандагы вакциналар "омикронго" каршы эффективдүүбү? Адистин жообу
Тилекке каршы, бир суткада Чүй облусунда үч адам коронавирустун курмандыгы болгон. Алардын вакцина албаганы айтылды. Муну менен жалпысынан 2 749 киши оорудан каза болду.
Азыркы тапта стационарда 378 бейтап, ал эми амбулатордук шартта 466 киши дарыланып жатат. Ооруканада медициналык жардам алып жаткандардын ичинен 30унун абалы өтө оор.