БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Борбор калаанын жашоочулары бүгүн ВИЧ-инфекция боюнча акысыз тесттен өтө алат. Бул тууралуу "СПИД" республикалык борборунан кабарлады.
Бүгүн, 1-декабрь — СПИДге каршы күрөшүү боюнча эл аралык күн. "Дордой Плаза" соода борборунда шаар тургундары бул жааттагы эпидемиологиялык абал боюнча маалымат алып, саат 17:00дөн 20:00гө чейин шилекей аркылуу бекер тесттен өтө алат. Ал эми жыйынтыгы 20 мүнөттөн кийин белгилүү болот.
Республикалык борбор ноябрь ичинде ВИЧ/СПИДге каршы күрөшүү боюнча "Өзүңдүн ден соолугуң — өзүңдүн укугуң — өзүңдүн жоопкерчилигиң" деп аталган атайын кампания өткөргөн. Анын алкагында жарандар Бишкектеги гипермаркеттерде, "Ош" базарында жана башка шаарларда ВИЧ инфекциясынан текшерилүү үчүн бекер тесттен өткөн.
"СПИД" республикалык борборунун маалыматтарына караганда, 1-ноябрга карата Кыргызстанда ВИЧ инфекция жуктурган 11 006 учур катталган. Мекемеден илдетке чалдыккандардын 45 пайызы ооруп калгандыгын СПИДдин акыркы стадияларында, дарыгерлер жардам бере албай калган учурда билерин айтышты.
1-ноябрга карата алынган маалыматтарда, 2021-жылдын башынан тарта ВИЧке 665 адам чалдыккан, алардын ичинен 294ү Бишкек шаарынан болгон.