Шайлдабекова добуштар сакталган сервердин "ачкычы" кимде болорун айтты

Шайлдабекова механикалык ката БШКнын аракеттеринен абдан чоң күмөн жаратканын белгилеп, бул боюнча жоопкерчиликти сезе турганын айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Автоматтык түрдө эсептөөчү урналардан түшкөн маалыматтарды сактоочу БШКнын серверине тиешелүү адистерден башка эч ким кире албайт. Бул тууралуу Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.
Учурда ал партия мүчөлөрү, талапкерлер жана ЖМК өкүлдөрү менен жолугуп, шайлоодон кийинки кырдаал тууралуу маалымат берүүдө.
Андан талапкерлердин бири серверге кирүүгө кимдин укугу бар экенин сурады.
"Серверге биздин тиешелүү кызматкерлер гана кире алат. Бул боюнча БШК аппаратында атайын жоопкерчиликтүү башкармалык бар. Бизде ыйгарым укуктуу органдардын жана мыйзамдардын негизинде сервердин коопсуздук регламенти иштейт. Ага ылайык бир да киши кире албайт. Үч киши гана биометрикалык идентификация аркылуу (бармак изи менен) гана кирет", — деди Шайлдабекова.
Ошондой эле ал механикалык ката БШКнын аракеттеринен абдан чоң күмөн жаратканын белгилеп, бул боюнча жоопкерчиликти сезе турганын айтты.