Иш-чарага "Жарандык көзөмөл" коомдук фонду менен ЖМКнын өкүлдөрү катышууда.
БШКнын имаратынын алдына парламенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгына макул эмес болгон партиялардын 100гө чукул тарапташы чогулду.
Эске салсак, 28-ноябрдагы парламенттик шайлоодо шайлоо тилкелери жабылгандан кийин БШКнын сайты кеминде эки жолу иштебей калган. Биринчисинде партиялардын алган добуштарын пайыздык көрсөткүч менен эсептей келгенде 100 эмес, 140 пайызга чыгып кеткен. Экинчи учурда АСУдан түшкөн добуштарды көрсөтүп жаткан сайт маалымат бербей жабылып калган. Өз кезегинде БШК төрайымы бул боюнча жооп берген.
Борбордук шайлоо комиссиясы добуштарды эсептөө маалында болгон сайттагы мүчүлүштүк боюнча такталган расмий маалымат тараткан. Анда БШКнын адиси АСУдан алган маалыматтарды жарыялоодо санды жаңылышып эки жолу көбөйтүп алган деген маалыматты айткан.

Учурда БШКнын сайтында добуштарды кол менен саноонун жыйынтыктары улам чыгып жатат. Түшкөн протоколдордун 40 пайызы иштелип чыкты.