ӨКМ: Бишкекте түн ортосунда эки автоунаа өрттөндү. Видео

Саат 3.20да чыккан өрт 20 мүнөттөн кийин чектөөгө алынып, 4:08де толугу менен өчүрүлгөн. Учурда өрттүн себеби такталууда.
Sputnik
БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Бишкекте өткөн түнү катар турган эки автоунаа өрттөндү. Бул тууралуу ӨКМден билдирди.
Министрликтин Facebook тармагындагы баракчасына окуя болгон жерден тартылган видео жүктөлдү.
"1-декабрга караган түнү саат 03:20лар чамасында Худайбергенов көчөсүндө жолдун жээгинде токтоп турган Mercedes-Benz жана Toyota Camry үлгүлөрүндөгү автоунаалардан өрт чыкты. Биринчи машина толугу менен өрттөнсө, экинчисинин бампери күйгөн", — деп айтылат билдирүүдө.
Өрт саат 03:50дө чектөөгө алынып, 4:08де толугу менен өчүрүлгөн. Учурда кырсыктын себеби такталууда.