Бишкекте азык-түлүк жарманкеси жылдын аягына чейин өтөт

Жарманкеге фермерлер жана өндүрүүчүлөр өз товарларын алып чыгып, арзан баада сата турганы айтылууда. Иш-чара Бишкектин чок ортосунда өтөт.
Sputnik
БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Бишкек шаарынын борборунда жылдын аягына чейин ар жума сайын салтка айланган айыл чарба жарманкеси өткөрүлөт. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Жарманке ишемби жана жекшембиде саат 09:00дөн 16:00гө чейин баш калаанын Раззаков көчөсүндө Киев менен Токтогул көчөлөрүнүн ортосунда өтөт.
Министрлик жарманкеден айыл чарба жана тамак-аш өнөр жай өнүмдөрүн, жумуртка, эт, сүт азыктарын, жашылча жана башкаларды ортомчуларсыз, өндүрүүчүлөрдүн баасы менен сатып алууга болорун айтууда.